Кирүү Катталуу

Район картасы

Базар-Коргон району - Жалал-Абад облусундагы администрациялык бирдигинде 1934-ж. чейин анын курамында Масы районунда болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базаркоргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндук-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Сузак райондору, түштук-батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 2,0 миң км. Калкы 128,7 миң (2003). Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак бар. Борбору Базар-Коргон кыштагы. Райондун аймагы негизинен Кара-Үңкур өрөөнун ж-а аны курчап турган Бабаш-Ата кыркатоосунун түштук-чыгыш, Кең-Кол, Фергана тоолорунун түшук капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндук-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт.


3 года назад