Кирүү Катталуу

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 16-июнундагы №28-Т токтому

DSC_0981

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ  ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ   Базар-коргон райондук          мамлекеттик администрациясы

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

Базар-коргонская

районная государственная администрация

 

                                                                  ТОКТОМ

                                                      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Базар-Коргон а.                                                                                                          с.Базар-Коргон

 

16.06.2020-ж. №28

 

Могол жана Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүндө,  райондук  социалдык фонд, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында, райондук электр тармактар ишканасында жогорку мамлекеттик органдардан келген нормативдик укуктук актылардын, каттардын жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын  аткарылыш абалы жөнүндө

 

            Могол жана Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүндө,  райондук  социалдык фонд, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында, райондук электр тармактар ишканасында жогорку мамлекеттик органдардан келген нормативдик укуктук актылардын, каттардын жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын  аткарылышы боюнча  көрүлүп жаткан иш  аракеттерге карабастан,  иш  кагаздарын жүргүзүүдө жана  региондорду  өнүктүрүү,  өлкөнү  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо жылынын  алкагында түзүлгөн  иш  пландарды иш жүзүнө ашырууда бир катар кемчилдиктер орун алган.  

            Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 2020-жылга карата иш планда жогорку турган органдардын ченемдик-укуктук актылары, тапшырмалары, өздөрүнүн чечимдери жана жарандардын арыз каттарынын аткарылышы боюнча (аткаруучулук тартиптин абалы) жөнүндөгү маселелер иш планга киргизилген эмес. Бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин иш пландарынын сапаты айрым бөлүмдөрдө талапка жооп бербейт.       

            Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканалары тарабынан биргелешип кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларынын негизинде өздүк эсеп, өздүк делолорду жана поручениелерди инвентаризациялоо, 2020-жылга карата жөлөк пул алуу боюнча жогорку органдардан келген нормативдик актылар жөнүндө айыл аймактардагы соц. адистер менен биргеликте техникалык окууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери аткарууга алынган эмес.

            Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча да кемчиликтер көп. Көпчүлүк келген каттар аткарылбай, жоопсуз калып кеткен. 2020-жылдын май айына карата жогорку органдардан 222 кат келип түшсө, кээ бир электрондук каттар катоого алынбаган. Чыгыш каттар боюнча КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын                      3-мартындагы №120 токтомуна ылайык ишмердүүлүк, өздүк курам, иш сапарына жана эмгек өргүүсүнө чыгарылган буйруктардын таризделиши эч бир талаптарга жооп бербейт. Аппараттык кеңешменин отурумдарынын протоколдору ирети менен топтолгон эмес.

Райондук Социалдык Фонд башкармалыгында да кагаз иштерин жүргүзүү жагынан кетирилген кемчиликтер да жок эмес. 2006-жылдан азыркы күнгө чейинки документтер архивге тапшырылбастан, өздөрүндө сакталып турат. Улуттук Архив Фондунун мыйзамдарынын негизинде тапшыруу мөөнөтү өтүп кеткен. Атайын тармактык архив бөлмөсү бөлүнгөнү менен, бирок архивдик талаптарга таптакыр жооп бербейт.

Токтом жана буйруктар өзүнчө, каттар өзүнчө, элдин арыз-кайрылуулары боюнча өзүнчө журнал ачып каттоо талабы бул мекемеде аткарылган эмес. Жогорку органдардан келген буйруктар, токтомдор, каттар жана элден түшкөн арыз кайрылуулар баары чогулуп бир эле журналга катталган жана башаламандык түзүлгөн. Журналга катталган каттардын аткарылышы боюнча көпчүлүгүнө белгилерда коюлбаган. Текшерүү учурунда гана каттардын аткарылышы боюнча накопительный папкаларында жооптору тиркелди.

Өрт жана табыйгый кырсыктар учурунда имараттан эвакуациялоонун планы эски, 2014-жылы бекилген боюнча кала берген, кийинки келген жетекчи тарабынан жаңылап түзүлбөгөн. Мекемеде техникалык коопсуздук боюнча журналы ачылган эмес, кызматкерлерге инструктаж да өткөрүлбөгөн.

Мекемеде 2019-жыл ичинде болгону 8 гана жолу кызматкерлер менен аппараттык жыйын өткөрүлгөндүгү боюнча протокол түзүлгөн, ал эми    2020-жылдын 1-июнуна чейин 1 гана жолу аппараттык жыйын өткөрүлгөндүгү жөнүндө протокол түзүлгөн.

            Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө кемчиликтер көп орун алгандыгы байкалат. Айыл өкмөтүнүн бекитилген иш планында медицина, маданият, спорт жана туризм тармактарын өнүктүрүү боюнча маселелер камтылган эмес. Мындан сырткары, коррупциянын алдын алуу жана диний экстремизмге каршы багытталган  иш-чаралар да көңүл сыртында калган.

            Ошондой эле жогорку турган органдардын ченемдик-укуктук актылары, тапшырмалары, өздөрүнүн чечимдери жана жарандардын арыз-каттарынын аткарылышы боюнча (аткаруучулук тартиптин абалы) жөнүндөгү маселелер да иш планга киргизилген эмес.

            Түзүлгөн иш планда 2020-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоону 5%га өстүрүүгө жетишүү үчүн атайыниш-чара иштепчыгуу жагы көрсөтүлгөн, тилекке каршы, ушул мезгилге чейин ал пландалган иш-чара иштелген эмес. Пландаштырылган маселелер өз убагында аппараттык кеңешмеде каралып, тийиштүү протоколдук чечимдер кабыл алынбаган.

            Мисалы, иш пландагы жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү, ички чарбалык арыктарды чабуу, айлана чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү маселелеринин аткаруу мөөнөтү март, апрель айларына коюлганы менен,аталган маселелердин аткарылышы айыл өкмөтүнүн аппараттык кеңешмесинде дегеле каралган эмес.

            Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттери да так бөлүштүрүлүп, бекитилген эмес. Иш кагаздардын номенклатурасы областтык мамлекеттик архиви менен макулдашылбаган. Жогорку органдардан келген буйрук, токтом, протоколдук тапшырмалар жана каттар каттоо китебине катталган, бирок АСКИД электрондук программасына киргизилген эмес. Ошондуктан каттардын аткаруу мөөнөтү өтүп кетип, көзөмөлгө да алынган эмес.

            Жеке кайрылган жарандардын арыздары каттоо китебине катталып, бирок АСКИД электрондук программасына киргизилген эмес. Арыз каттардын аткаруу мөөнөтү да өтүп кеткен. Көзөмөлгө да алынган эмес.            Ишмердүүлүк жана өздүк курам боюнча буйруктардын, иш кагаздардын чыгыш каттарынын фирменный бланкаларынын таризделиши ар кандай тартипте жүргүзүлөт. Жалпысынан иш кагаздарын жүргүзүү 2020-жылдын      3-мартындагы  КР Өкмөтүнүн №120 токтомунун талаптарына  жооп бербейт.

            Электрондук почта аркылуу келген каттар, көзөмөлгө алынып, каттоого алынбайт. Бул багытта аткаруу тартиби начар. Эч болбогондо аппараттык кеңешменин отурумдарынын протоколдору да ирети менен топтолгон эмес.

            Электрондук почта, АСКИД, “Түндүк” электрондук программалары менен толук иш алып барылбайт.

            Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Базар-Коргон райондук мамлекеттик  администрациясынын  коллегиясы  төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.Могол жана Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүндө,  райондук  социалдык фонд, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында, райондук электр тармактар ишканасында жогорку органдардан келген нормативдик укуктук актылардын, каттардын жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын  аткарылыш абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Т.Темирбаевдин маалыматы көңүлгө алынсын.

            2.Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маалыматта белгиленген, бир катар кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы С.Төрөкановго жана райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Калмаматовго, Талдуу-Булак  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Акматкуловго  эскертилсин.

-аткаруучулук тартиптин абалы боюнча кетирилген бардык кемчиликтерди бир айлык мөөнөт ичинде жоюу Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловго  милдеттендирилсин.

-жыйынтыгы  боюнча  райондук  мамлекеттик  администрациясында  август  айында  кайрадан  каралсын.

            3.Жогорку органдардан келген иш кагаздар жана жарандардын кайрылуулары, арыз-даттануулары менен иштөө, расмий кагаздарды архивдештирүү жана сактоодо орун алган кемчиликтерди тез аранын ичинде четтетүү жагы райондук социалдык фонд жана райондук эмгек жана социалдык  өнүктүрүү  мекемелеринин  жетекчилерине  милдеттендирилсин.

            4.Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында бирдиктүү терезе ачылып, келген жарандарга  ыңгайлуу шарт  түзүлгөндүгүн  эске  алып,  жарандардын  кайрылууларын  жана келген  арыздарды мыйзам чегинде карап, өз  мөөнөтүндө аткарылышын  катуу көзөмөлгө алуу жагы райондук  электр тармактар ишканасынын  жетекчиси  Ж.Пармановго  эскертилсин  жана  милдеттендирилсин.

5.Иш кагаздарын жүргүзүүдө КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын                      3-мартындагы Кыргыз Республикасында  иш  кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө №120 токтомуна ылайык иш алып баруу, документтердин архивдик сактоо талаптарын жолго коюу, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюу максатында аппараттык окууларды өткөрүүнү күн тартибине киргизип, кароо айыл  өкмөт башчыларына  жана  райондук  мекеме-ишканалардын  жетекчилерине  милдеттендирилсин.

            6.Жогорку органдардан келген нормативдик укуктук актылардын, каттардын жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын  аткарылышы, региондорду  өнүктүрүү,  өлкөнү  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо жылына карата  түзүлгөн  иш  пландарды иш жүзүнө ашыруу боюнча  август айында  Могол  айыл  өкмөтүнүн  базасында семинар өткөрүлсүн.

7.Бул токтом бардык райондук мекеме-ишканаларга жана айыл өкмөттөрүнө жеткирилсин жана аткарууга алынсын.

8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук мамлекеттик администрация  башчысынын биринчи орун басары Н.Нармырзаевге  жана аппарат жетекчисинин  убактылуу  милдетин  аткаруучу Т.Темирбаевге жүктөлсүн.

 

Райондук  мамлекеттик  администрация              

башчысы-аким, коллегиянын  төрагасы:                                             Б.Козуев.    

 

3 года назад