Кирүү Катталуу

АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ

АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЭЛ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫ ЖАКШЫРАТ

Эми Базар-Коргон районунун аймагындагы Могол жана Бешик-Жон айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү калк менен болгон ар тараптуу карым-катнашы жакшырат. Бул айыл аймактарында Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондусу тарабынан “Synergy KG-21 project / Синергия КГ-21 кичи долбоору ишке ашырылып жатат. Бул долбоорду Монголиядагы Көз карандысыз Изилдөө Институту каржылап жатат.

Долбоордун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүсүн жана өз ара карым-катнашты жакшыртуу багытында медианын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу, ошонун натыйжасында жергиликтүү маселелерди чечүүдө калктын демилгелүүлүгүн жогорулатуу менен чечим кабыл алууга анын катышуусун арттыруу.

Бул багытта долбоордун жетекчиси Эркинбек Камалов Могол жана Бешик-Жон айылдарында бир катар иш-чаралар өткөнүн маалымдады.

-Биз долбоорду баштап жатып, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким менен жолугушуп, долбоордун максаттары, күтүлүүчү натыйжалар тууралуу сүйлөшкөнбүз. Алар бул долбоордун актуалдуу экенин белгилешти жана бизге ийгиликтерди каалашты. Январь айынын ортосунда башталган долбоордук иш-чаралардын алкагында эки айыл өкмөтүндө алдын ала таанышуу, макулдашуу жолугушуулары, андан кийин эки күндүк окутуулар өттү. Бешик-Жон айыл аймагынын тургундары катышкан Ачык эшиктер күнү да уюштурулуп, айыл өкмөтүндө түзүлгөн Демилгелүү медиа топ аларга өз ара карым-катнашты арттыруу жагынан маалыматтарды берди. Эми буюрса Могол айыл аймагында да ушундай Ачык эшиктер күнү өтмөкчү, - дейт ал.

Долбоордук иш-чаралардын алкагында эки айыл өкмөтүндө да калкка маалыматтарды жеткирүүчү Демилгелүү медиа топтор түзүлүп, алар калкка маалыматтарды айыл өкмөтүнүн веб-сайты, социалдык тармактарда ачылган аккаунттар, баракчалар жана топтор аркылуу жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул максатта Демилгелүү медиа топтор кантип иштегенди, кантип калкка кабар жеткиргенди, кантип кайчы байланыштарды күчөткөндү үйрөнүштү.

-Эң башкысы – айыл өкмөттөрү өздөрүнүн ишмердиги, аракеттери, ниеттери тууралуу калкка бачым маалымат таркатуулары зарыл. Ошол эле кезде айыл тургундары да өз көйгөйлөрү, талаптары, суроолору тууралуу айыл өкмөтүнө бачым кайрылышы абзел. Мындай карым-катнаштын медиа-инструменттери бар. Буга веб-сайттардан тышкары социалдык тармактардын мүмүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу керек. Бирок, кантип? Биз ошону үйрөтүп жатабыз, айыл өкмөттөрүнүн кызыгуусу күч. Чынында айыл калкы айыл өкмөтүндө болуп жаткан иштер, көйгөйлөр, пландар жана аракеттер тууралуу аз билишет, бирок билгилери келишет. Муну айыл өкмөттөрү да каалашат, анткени айылдагылар алардын ишин билип турушун каалашат. Эми, буюрса, айыл өкмөттөрү да, тургундар да бири-бири менен тыгыз алакада болушат, - дейт “Контент-медиа” коомдук фондсунун директору Жалил Сапаров.

Албетте, мындай долбоорлор башка айыл аймактары үчүн да керек. Балким, аталган коомдук уюм башка айыл аймактарында да ушундай үйрөтүүчү иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырар. 

3 года назад