Кирүү Катталуу

Базар-Коргон районунда коронавирус инфексиясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда райондун аймагында жардам берген атуулдар.

масса

Базар-Коргон районунда коронавирус инфексиясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда райондун аймагында жардам берген атуулдар.

Кыргызстандын аймагын каптаган кара булут Базар-коргон районуна да өз таасирин тийгизип, социалдык-эканомикалык жактан карапайым элдин күнүмдүк жашоо-тиричилигине сокку болду. Элдин жүгүн аркалап келген   эр азаматтардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн материалдык резерв фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 14 009  үй-бүлөгө күнүмдүк  керектелүүчү азык-түлүктөр менен жардам берген жана вирустун очогунда жүргөн медицина кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү максатында медицина каражаттары менен жардам берген кээ бир атуулдарыбызды атап кетүү зарыл, жардам берүүлөр учурда улантылууда...

Эл өз баатырларын билүүсү керек!

Өлкөбүзгө өзгөчө абал киргизилгенден кийин райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масабиров Таалайбек Айтмаматович  райондун айыл аймактарына жалпысынан  310 үй-бүлөгө  15 500 кг ун, медицина кызматкерлерине 10 000 даана бет кап,  аймактык ооруканага 8 даана кычкылтек концентратор жана Бешик-Жон айыл өкмөтүндө жайгашкан күндүзгү стационарга 2 кычкылтек концентратор тапшырды. 


Жогорку Кенештин депутаты Алтынбеков Айбек Алтынбекович 931 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден май жана башка азык-түлүктөр менен камсыздады. Аймактык ооруканага 10 даана кычкылтек концентратор жана 840 даана бет кап тапшырды.  Областыбызда “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, айыл арасында коомдук каттамдар токтоп, райондун медицина кызматкерлери жумушка келип кетүүсү  кыйын болгон учурда, атайын автоунаа каттамын өз каражатына бир ай бою уюштурду. Мындан тышкары Арстанбап айыл өкмөтүндөгү селден жабыркаган 16 үй-бүлөгө 25000 сомдон акчалай жардам берди.

“Бай-Дыйкан” компаниясынын жетекчиси Акунбеков Эрлист пандемия башталганда ДЕЛЬТОПЛАН жана Дрон дары чачуучу аппараттары менен район боюнча залалсыздандыруу иштерин жүргүздү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май жана башка азык-түлүктөр менен камсыздап райондогу саламаттыкты сактоо мекемелерине 13 даана кычкылтек концентратор,  10000 даана беткап жана 16 даана коргоочу кастюмдарды тапшырды.

Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн тургуну жеке ишкер Салиев Искендер аз камсыз болгон 61 үй-бүлөгө 50 килограммдан ун, өзгөчө абал учурда постто турган тургундарга 500 даана беткап, 50 кг хлор жана 600 даана самын таратып берди.

Рустамов Сагын Акман айыл өкмөтүнүн активдүү жаштарынан  фонд түзүп, тагдырдын татаал күнүндө күн кечирип жаткан 35 үй-бүлөгө 1 каптан ун жана 2 литрден май таратып берди.

Бердалиев Тажибай Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу Карача айылынын тургуну, жеке ишкер. Аз камсыз болгон 21 үй-бүлөгө 10 кгдан картошка, 10 кг дан сабиз, 10 кг дан пияз, 2 кг дан макарон жана 1 пачкадан чай  таратып берди.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну жеке ишкер Өмүрзаков Абдырахман коронавирустун алдын алууда коомдук тартипти сактап жүргөн РИИБдин кызматкерлерине 24 даана өздүк коргонуучу костюм жана 10000 сомдук азык-түлүк таратып берди.

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун шакирттери  2 кычкылтек концентраторун Бешик-Жон өкмөтүндөгү күндүзгү стационарга тапшырышты.

Россия Федерациясында эмгектенип жаткан Карача айылынын  эмгек мигранттары 2 кычкылтек концентраторун айылдык ФАПка тапшырышты.

Кеңеш айыл аймагында жайгашкан, 11-Алыкуоов атындагы гимназия мектебинин, №12 Капарбек атындагы мектептин 2000-жылы бүтүргөндөр райондук аймактык ооруканага келишип, 3 кислороддук концентраторду, 2 пульсаксиметрди, антисептиктерди, өздүк коргонуучу кийимдерди тапшырышты Салижанов Исраил Сейдикум айыл өкмөтүнүн тургуну, жеке ишкер, өз айылындагы аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө 1 каптан ун, 10 кг дан макарон жана 25 кг дан нокот жардам берген.

Россия федерациясында эмгектенип жүргөн Мамарасулов Мирлан коронавирустун алдын алуу максатында айыл өкмөткө 20 000 сомдук накталай жардам берди.

Көк-Алма жаштар фонду аз камсыз болгон 5 үй-бүлөнүн үйүнө кудук куюп беришти.

Сейдикум айыл өкмөтүнүн тургуну жеке ишкер Доолаталиев Жеңиш жана Досов Эркин Кызыл-Ай айылындага Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп берди.

Боронбаева Кишимжан “Эр-Айым” коомдук фондунун төрайымы тарабынан 18 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 50кг дан ун, 5 кг дан макарон жана 2 литрден май таратып берилди.

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн тургуну Кайназаров Элдияр жергиликтүү Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 2 кычкылтек концентратор тапшырды.

Борбор Азия аялдар лигасынын мүчөсү Атабекова Асель райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 кычкылттек концентратор берди.

Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыстандагы элчилиги тарабынан

Район аймагындагы аз камсыз болгон  770 үй-бүлөгө 837 миң сомдук ун, май жана башка азык-түлүк берилди. Бул саамалыкты Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда  “Мекеним Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Арзыкулов Давлет жана Тиленов Туралы  ишке ашырды. 17-августта азык-түлүктөр район аймагындагы ар бир айыл өкмөткө бөлүштүрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамында муктаждарга таратылды.  Райондун борбордук аянтындагы иш чарага район акими Бакыт Козуев катышып, демилгечилерге ыраазычылык билдирди.

Базар-Коргон районуна караштуу, райондук ооруканага ак халатчан даарыгерлерге жана ооруканада жаткан бейтаптарга жардам берүү максатында “Стоп COVID-19Базар-Коргон” демилгелүү  топ түзүлүп "Биз коронавирусту биргеликте токтотобуз!" аттуу акциясы ушул жылдын 15-июлунда  башталган.

Акция башталгандан бери ушул күнгө чейин бир топ жумуштар аткарылды. Районубуздун атуулдары жана берешен инсандардын жардамы менен иш жүзөгө ашууда.

Бул демилгени алгач  Давлет Арзикулов, Тиленбаев Туралы, Бектур Акматовтор колго алган.

Акциянын алкагында тез жардам автоунааларына  Бешик-Жон заправкасында акысыз вулканизациялык тейлөө жүргүзүлдү.  Мындан сырткары райондор аралык балдарды калыбына келтирүү борборуна (обсервацияга)3000 сомго 15 литрлик электр чайнек, 20000 сомго кир жуучу автоматмашина, идиш аяк жана мед.каражаттар ж.б.у.с. материалдык жардам көрсөтүлгөн жалпы суммасы 111 710 сом. Мындан сырткары обсервацияда иштеп чыккан 8 медицина кызматкерине 2000 сомдон стипендия, Б.Исмаилов атындагы аймактык ооруканага 50 даана штатив, 1 ИВЛ аппарат- жалпы суммасы 30 300 сом; үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна мед.каражаттарын  жана жабдыктарга жалпысынан 58 820 сом; райондук  СЭС кызматына 29000 сомдук  санитардык каражаттар алынып берилди.


-Акман айыл өкмөтүнүн активдүү жаштары    тарабынан 1750 кг ун, 80 литр май,    Кош-Коргон жаштары фонду тарабынан  12 пачка чай, 12 кг туз, 40 кг макарон, 120 кг ун

50 кг картошка, 50 кг пияз, 20 кг кумшекер, 12 литр май, 20 кг күрүч берилген   -жарандык активистерден, 240 кг ун, 12 литр май, 12 кг кумшекер,  180 кг жашылча жемиштер 200 даана маска, 100 даана кол кап берилди.

-Акман жаштары уюмунан 300 маска, 115 кг  хлор, 50 кг ун  берилген.      

-Акман айыл аймагынын активистеринен  600 кг ун берилген                      

- “Күч бирдикте” Жараке жаштар фонду  200 кг ун, 40 литр май, 40 кг күрүч, 40 кг макарон, 20 пачка чай, 100 кг картошка, 20 кг кумшекер, 50 кг сабиз берген      

-жарандык активистер  тарабынан  280 кг ун, 40 литр май, 126 кг картошка, 18 кг кумшекер, 30 кгмакарон, 18 даана чай, 72 кг күрүч берилген.  

-“Бир жүрөк-бир эл” кайрымдуулук  фондунан 175 кг ун, 175 кг макарон, 35 литр май, 35 пачка чай, 35 кг кумшекер берилген                                                                        

-Таштановтордун үй-бүлөсү тарабынан 150  литр май, 150 пачка чай, 150 кг туз, 300 пачка айна берилген

-“Ассанабил” кайрымдуулук фонду  тарабынан 140 кг ун, 70 кг макарон,    70 кг күрүч, 35 кг гречка, 35 кгкумшекер, 35 кг перловка берген.   

 -жеке ишкер Эргешов З  тарабынан 850 кг ун,

-демөөрчүлөр Камалов А, Чилянов Р жана Ибраимов И тарабынан 50 кг ун,  370 литр май, 137 кг макарон, 15 кг эт, 24 кг кумшекер, 24 пачка чай, 15 пачка туз, 27 кг картошка, 270 даана жумуртка беришкен.

-райондук кадастр кызматы тарабынан 100 кг ун, 10 кг  макарон, 10 кг картошка, 10 литр май, 10 кг пияз берилген               

-жеке ишкер Сакыев Ш тарабынан 250 кг ун, 25 литр май          берилди.   

- ишкерлер Сеитов Сагын жана Сеитов Нургалдар тарабынан 5000 кг ун, 250 литр май, 250 кг кумшекер, 745 кг макарон берилген 125 кгтуз, 125 пачка чай берген.       

-Жон айылдык фонд тарабынан 1250 кг ун, 400 кг картошка, 200 литр май, 350  кг макарон, 200 даана      самын                                                                         

-жеке ишкер Акимбеков Т тарабынан 81 кг ун, 9 литр май, 9 кг күрүч, 9 кг кумшекер, 9 кг туз 9 пачка чай, 18  кг картошка, 9 кг пияз, 9 кг сабиз, 9 кг макарон, 9 кг печенье берилген.

-жергиликтүү кенештин депутаты А.Маманов тарабынан 50 кг  ун,  3 литр май 5 кг картошка, 5 кг пияз берген

-айыл өкмөттүн кызматкери Р.Дыйканова тарабынан 50 кг4 литр май, берилди   

-жеке ишкер Ботобеков Бакыт тарабынан 150 кг ун, 40 кг эт, 27 литр май, 27 кг  макарон, 27 кг картошка, 27 кг туз, 27 кг пияз, 45 кг кумшекер берилген.                 

-жергиликтүү кенештин депутаты Аптобачиев Эрлан тарабынан 150 кг макарон, 150 литр май,

-айыл тургуну Манасбек уулу Болот тарабынан 5 литр май, 5 кг картошка, 5 кг пияз, 15 кг макарон                                                   

-жеке ишкер Сулайманов Абдыгапар тарабынан 70 кг картошка, 70 кг пияз, 70 кг савиз, 7 пачка чай, 14 кгкумшекер берилген.                                  

-жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоору тарабынан 1400 кг ун, 140 даана маска, 28 даана самын, 28даана антисептик берген

-жергиликтүү бюджеттен  22100 сомго  жеке ишкер  Ш.Сакыевтен  20800 сомго кошуп, 11 үй бүлөгө балдарын аралык окутуу үчүн мобилдик телефон алып берген                      - Базар-Коргон айылындагы коомдук фонддор тарабынан   9900 кг ун, 170 кг макарон, 609 литр май, 120 кг күрүч, 130 кг кумшекер, 555 кг башка азык-түлүк, 1300 даана маска, 20 даана халат, 120 даана самын, 120 мин сомдук акчалай каражат.    

-Беш-Бадам  жаштары фонду  850 кг ун, 68 кг макарон, 85 литр май, 17 кг күрүч     

-жеке ишкер Салижанов И тарабынан 500 кг ун 400 литр май,  20 кг макарон,20 кг күрүч.

-Жети-Кошкон айылынын тургуну А.Закиров 1000 кг ун берген                          

-жергиликтүү кенештин депутаттары Нуркамилов, Акматов тарабынан  100 кг ун, 50 кг эт

50 кг кумшекер, 50 кг күрүч, 100 кг макарон 25 кг чай берилген

Беш-Бадам айылынын тургуну Насыров Улугбек  тарабынан 10 кг эт, 100 кг картошка, 25 кг пияз, 25 кгсавиз, 20 кг күрүч берилген,     

Беш-Бадам коомунан 20 литр май, 50 кг картошка, 25 кг пияз, 20 кг макарон, 10 кумшекер

- Эргашев Абдыкадыр 120 кг эт берген                                                

-жеке ишкер Кыдырбаев Токтоболот тарабынан 1500 кг ун.                                 

-жеке ишкер Юсупжанов Фархад тарабынан 2500 кг ун, 250 литр май, 750 кг туз, 250 кг макарон берилген.

Кенеш айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айылдык фонддордун эсебинен 1000 кг ун, 50 литр май, 356  кг  хлор,  2534 даана медициналык маска, 45 даана антисептик, 7 даана медициналык халат,     25 даана кол кап жана 52,0 мин сом акчалай  каражат,

-ишкер Нурдинова Дилбар тарабынан 12,9 мин сом акчалай жардам,

-Россияда эмгектенген жаштардын Кызыл-Октябрь фонду тарабынан 670 даана маска,2 литр антисептик, 60 даана кол кап  жана 40 мин сом акчалай жардам берилген

-Россияда иштеген жаштардан 5000 сом акчалай, Досов Эркин 1000 сом акчалай,

-“Мискиндердин сүйүүсү” кайрымдуулук фонду      5000 сом акчалай жардам беришкен

-Жалал-Абад областтык казияттан 250 кг ун берилген                                                         -активдүү жаштар тарабынан 33  литр май, 55 кг картошка, 55 кг пияз, 55 кг савиз, 11 кг туз, 11 пачка чай, 11 кг кумшекер, 11 даана капуста, 55 кг макарон берилген

-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукулов тарабынан 100 кг ун, 20 литр май, 25 кг күрүч, 60 кг        картошка, 30 кг макарон               

- жергиликтүү кенештин депутаты Борубаев Садыкбек тарабынан  30 адамга 30 кг эт 30 кг макрон, 30 кг күрүч, 30 литр май, 90 кг картошка берилген.                                

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3 года назад