Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА ЖАҢГАК ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

e5f723e3-f033-48a9-a199-97f86ecb55ed
2021-жылдын, 16-ноябрь күнү Базар-Коргон шаарынын борборунда “Жашыл экономика өнүгүүгө өбөлгө” аталышындагы жаңгак фестифалы өттү.
Саамалык алкагында жаңгактан жана башка токой продуктыларынан жасалган даамдар, жыгачтан жана жаңгактын кабыгынан жасалган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жармаңкеге коюлду. Ошондой эле, туризм жана ишкердик боюнча презентациялар жасалды.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Джанысак Сатыбалдиев, иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөн бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, токойчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Фестифалда жаңгак токой аянттарын кеңейтүү, сактоо жана түшүмдү кайра иштетүү, экспортун көлөмүн жогорулатуу маселелери тууралуу сөздөр айтылды.
Район башчысы жаңгак токойлору чоңоюп, түшүмгө келгенче көптөгөн жылдар кеткендиктен, кайдыгер жарандардын айынан орун алган мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотуу зарылдыгын белгиледи.
“Азыркы учурда глобалдуу проблемалардын бири бул – экология. Климатты сактоо, коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоодогу кечиктирилгис чараларды көрүү.
Бул маселени өлкө башчыбыз Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясында да баса белгиледи. Мына ушундай көйгөйлөрдөн арылууда сөзсүз түрдө жарандарыбыздын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл. Бул албетте жалпыбыздын биргелешкен аракеттерибизге көз каранды.
Базар-Коргон районунун аймагында Кыргызстандагы эң чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токойлору орун алган. Жаңгак маңызы экзотикалык азык гана болуп саналбастан, адам баласынын ден-соолугуна пайдалуу, табылгыс дарылык касиетке ээ",–деди башчы-аким.
Фестиваль жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленди. Ал аймакта өндүрүлгөн жаңгак азыгын даңазалоо, калктын киреше бөлүгүн арттыруу менен токой чарба жаатындагы көйгөйлөрдөн арылуу максатын көздөйт. Иш-чарага ондон ашуун эл аралык уюмдар көмөк көрсөттү.

2 года назад