Кирүү Катталуу

РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ

РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ
РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ
РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ
РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ
РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ
РАЙОНДУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ

Кечээ Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөн 2020-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, анда райондогу мыкты иши менен айырмаланган айыл өкмөттөрү жана мекемелери сыйланышты.

Жыл башында эле райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуевдин буйругу менен жыл алдыңкыларын тандоо, алардын ичинен айырмаланган мекемелерди, айыл аймактарын белгилөө боюнча буйрук чыккан. Жыл ичинде айыл аймактары жана райондук мекемелер өз милдеттерин так аткарууга аракет жасашып, ортодо алдыңкылык үчүн ат салышып келишти. Ошентип анын жыйынтыгы да чыгарылды.

“Мыкты айыл өкмөтү” номинациясы боюнча жеңиш Кеңеш айыл өкмөтүнө ыйгарылып, райондук коллегиянын жыйынында бул айыл өкмөтүнө райондук “Өтмө кызыл туу” тапшырылды жана 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилди.

Ал эми “Мыкты мекеме” номинациясы боюнча райондук ички иштер бөлүмү жеңүүчү деп табылып, ага 1-даражадагы Диплом жана 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

“Мыкты мекеме” номинациясы боюнча райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү да жеңүүчү деп табылып, ага 2-даражадагы Диплом менен 7 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

“Мыкты мекеме” номинациясы боюнча райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору да жеңүүчү деп табылды. Ага 3-даражадагы Диплом менен 5 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев тапшырды. Ошондой эле аларга дагы да албан ийгиликтерди каалашты. 

3 года назад