РАЙОНДУН КЫСКАЧА ТАРЫХЫЙ ХРОНОЛОГИЯСЫ
1918-жылы 1-мартка чейин Николаевское айылында (оозеки айтымда
Никольское, азыркы Совет, Кеңеш айылы) орус, кыргыз, өзбек татар улутундагы
адамдардын катышуусунда Базар-Коргон аймагындагы мусулмандардын жана
чааракерлердин депутаттарынын курултайы өткөн. Ал тарыхка Советтердин 1-съезди
болуп кирген. Ошол 1918-жылы 1-мартка карата Базар-Коргон волостунун
мусулмандарынын жана чааракерлеринин депутаттарынын Советинин түзүлгөндүгү
Базар-Коргон районунун алгачкы саясий ячейкасы - райондук масштабдагы биринчи
официалдуу башкаруу органы болуп саналат.
Совет бийлигинин алгачкы жылдарында
Базар-Коргон району падышалык Россиянын административдик-территориялык
аталыштарындагы термин колдонулуп, “Базар-Коргон волосту” деп аталып турган.
1919-жылдын 30-ноябрында облусттук Ревком өзүнүн
токтому менен Советтердин аткаруу комитеттерин таркатып, анын ордуна
Ревкомдорду түзгөн жана бийлик Советтерден Ревкомдорго өткөн, анын негизинде
Базар-Коргон волостунун Советинин ордуна Базар-Коргон райондук Ревкому уюшулган.
Мындай өзгөрүү Совет бийлигине каршы
ар кандай терс күчтөрдүн, басмачылардын күрөшүнөн улам келип чыккан.
1918-жылдын март айынан 1922-жылдын мартына чейин өлкөдө Совет бийлигин
жактоочулар менен ага каршы чыккандардын ортосунда күрөш жүрүп келген.
1926-жылдын 6-декабрында Жалал-Абад кантонунун уюшулганына
жана административдик-территориялык бөлүнүштөрдү жаңыдан түзүүгө байланыштуу
Кантондун, башкача айтканда, облустун ичиндеги бардык административдик территориялык
түзүлүштөр кайрадан волостко айланган. Базар-Коргон району – Базар-Коргон
волосту деп аталган. 1928-жылы 31-октябрда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу
Комитетинин токтомунун негизинде Жалал-Абад, Ош кантондору бириктирилип, бир –
Ош округуна айланган жана волосттор – райондор деп кайра түзүлгөн. Базар-Коргон
волосту – Базар-Коргон району деп аталган. 1930-жылдын 1-сентябрда Ош округу
жоюлуп, Базар-Коргон району республикалык баш ийүүгө өткөн.
1924-жылдан 1928-жылга чейин Базар-Коргон, Масы
(Ноокен) райондору бириктирилип, Базар-Коргон району деп аталган.
1935-жылы 8-февралда Базар-Коргон районунан
Масы району бөлүнүп чыгып, Базар-Коргон районунун борбору Масы айылынан
Базар-Коргон айылына көчүрүлгөн.
1937-жылы Базар-Коргон району Масы району менен бириктирилип,
Ленин району деп аталган.
1962-жылдын 31-декабрда Базар-Коргон району
кайрадан Ленин районуна бириктирилген.
1978-жылы 4-майда Базар-Коргон району
кайрадан Ленин районунан бөлүнүп чыккан.